Уюшкан кылмыштуу топту каржылоого шектүү кармалды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ( УКМК) тарабынан уюшкан кылмыштуу топторду жоюу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында К.Н. аттуу КР жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

УКМК маалыматында айтылгандай, аталган жаран, 2013-жылдан бери Камчы Көлбаевдин (К. Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун өкүлдөрү менен тыгыз мамиледе болуп, «Дөө Чыңгыз» каймана  аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов менен да жакын мамиледе болгон.

Аталган К.Н. уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу менен жарандарга ар кандай басым жасап, опузалоо жана коркутуу жолу менен кыздарды зордуктаган. Зордуктоо жана УКТны каржылоо фактылары жабырлануучулардын арыздарынын материалдары менен тастыкталат.

Ыкчам маалыматтарды документтештирүү жана бул кылмыштарга тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу максатында тиешелүү тергөө-оперативдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Атайын кызмат 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты