Уюшкан кылмыштуу топту каржылаган жана акча опузалаган үчөө кармалды. Алардын бири — “Көк бөрүнүн» экс-президенти

  • 4 недели мурун

«Мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин (К.Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүн каржылоо фактысына Кыргызстандын жарандары Б.Т.К., Т.А.Т. жана Т.Ч. катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттин комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

(Буга чейин КР ИИМ системасында жетекчилик кызматтарды аркалаган, кылмыш чөйрөсүндө уюшкан кылмыштуу топтун лидери Ч.Жумагуловдун «Дөө Чынгыздын» «өкүл атасы»  катары белгилүү болгон), Т.Ч. (Ч. Жумагулов менен жана «мыйзамдагы ууру» аталган Токтосунов «Сакал» менен тыгыз байланышы бар) жана Т.А.Т. (К. Асанбекке жакын, жаш спортчуларды кылмыштуу чөйрөгө тартуу менен алектенген, К. Асанбектен спорт боюнча «куратор » болгон, олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин биринин директору кызматын ээлеген)

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери Камчы Көлбаев (К.Асанбек) , А. Анапияев жана Ч. Жумагулов Б.Т.К. менен сүйлөшүп, ок атуучу куралды АКСУнун автоматын жана психологиялык басым менен күч колдонуу жолу аркылуу КР жаранынан Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан 2 млн. АКШ долларына бааланган 2 га жер тилкесин тартып алышкан. Белгилүү бир убакыттан кийин Б.Т.К.нын  жакын туугандарына кайрадан каттоодон өткөргөн.

Мындан тышкары, кылмыштуу топтун мүчөлөрү Б.Т.К., Т.А.Т. жана Т.Ч. опузалап акча талап кылуу жана “жок кылам” деп коркутуу аркылуу КР жаранынан 300 миң АКШ долларын алгандыгы аныкталган. Ал кийин «Мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевге өткөрүлүп берилген, көрсөтүлгөн факт боюнча УКМК дарегине ишкердик субъекттеринин өкүлдөрүнүн бири кайрылган.

Белгилей кетсек, Б.Т.К. Ички иштер министрлигинде иштеп турганда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерин «калкалоо» менен, кызматтык мүнөздөгү маалымат берип, колдоо көрсөткөн.

Топтолгон материалдардын негизинде 2025-жылдын 16-майында аталган адамдар кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечиминин негизинде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине камакка алынды.

УКМК тарабынан жогорудагы фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Кармалгандардын бири “Көк бөрү” федерациясынын экс-президенти Талас Бегалиев экендиги айтылууда.

Атайын кызмат 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты