Уюшкан кылмыштуу топторду системалуу түрдө каржылоого шектүү ишкер кармалды

  • 6 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Камчы Көлбаевдин (К.Асанбектин) уюшкан кылмыштуу тобун системалуу түрдө каржылоого катышкан С.К.К. аттуу ишкерди кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга ылайык, С.К.К. аттуу жаран «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев (К.Асанбек) менен тыгыз байланышта болгон жана Ош шаарынын жана Ош облусунун калкынын арасында колдоого ээ болуу, өзүнүн таасирин күчөтүү максатында Камчы Көлбаев (К. Асанбек) менен Кадыр Досоновду ай сайын белгилүү бир суммадагы акча которуу менен системалуу түрдө каржылап турган. Алардын колдоосу менен С.К.К. күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз Республикасына аткезчилик жол менен алып өтүүнүн туруктуу схемасын түзгөн.

Белгилей кетсек, Камчы Көлбаев (К.Асанбек) менен Кадыр Досоновдун колдоосу менен С.К.К. өзүнө жакпаган адамдарга таасир этүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн «кызматтарына» кайрылган.

Жүргүзүлгөн тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында, ишкер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Атайын кызмат 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

2024-жылы 29-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Женго» каймана аттуу Кадыр Досоновду 20 жылга эркинен ажыратты. Кадыр Досоновго «Адам өлтүрүү», «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Кылмыштуу уюмду уюштуруу» беренелери боюнча айып тагылган.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты