Учак рейси токтотулуп, кыргызстандыктар Нью-Дели шаарынан кете албай жатышат   

  • 2 недели мурун

Пакистан тарабынан аба мейкиндигинин чектелишине байланыштуу 2025-жылдын 8-майына белгиленген “Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниясынын каттамы токтотулду. Андан улам Кыргыз Республикасынын бир катар жарандары Нью-Дели шаарындагы эл аралык аэропортто жагымсыз жагдайга туш болду.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Авиакомпаниянын маалыматына ылайык, учактардын үчүнчү өлкөлөр аркылуу узак маршруттар менен уча турган техникалык мүмкүнчүлүгү жок. Башкы маршрут Индия менен Пакистан ортосундагы чек ара жаңжалы жүрүп жаткан аймак аркылуу өтөт. Коопсуздук тобокелчилигинин жогору экенин эске алуу менен, бул багытта учуулар мүмкүн эмес деп табылып, жыйынтыгында аталган каттам токтотулган.

Учурда жарандарды Мекенине кайтаруу үчүн башка жеткиликтүү каттамдарга авиабилеттерди сатып алуу маселеси каралууда.
Тышкы иштер министрлиги Индия менен Пакистан ортосундагы чыңалуу абалына байланыштуу жарандарга бул өлкөлөргө убактылуу сапарга чыкпай турууну сунуштайт.

Индиядагы элчилик жарандар менен тыгыз байланышта болуп, зарыл чараларды көрүп жатканы айтылды.

Индия 7-майга караган түнү Пакистанга чабуул койду. Пакистан жооп катары Индияга сокку уруп, эки истребителди атып түшүрдү. 

Индия менен Пакистандын ортосунда Кашмир үчүн көп жылдан бери жаңжал болууда. Ал Кашмир жана Жаммунун Индия тарабындагы Пахалгам шаарында туристтерге кол салуудан кийин күчөгөн. Анда 26 адам каза тапкан.  

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты