ККМге каршы митингдер: Ташиев базар ээлери ижара акысын кеминде эки эсеге азайтышы керектигин айтты  

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 6-декабрда, УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болду. Жаңы имараттын ачылыш аземинде төрага Камчыбек Ташиев буга чейин өлкөдө көзөмөл-кассалык машиналарынын (ККМ) орнотулушуна каршы өткөн митингге чыккандар тууралуу да сөз козгоду.

-Республика боюнча соода-базар комплекстеринин ээлери абдан бай адамдар болуп саналат, бул ишкердиктен алар эбегейсиз киреше табышат. Бирок соодагерлер аларга чоң сумма төлөгөнүнө карабастан, базарларда жөнөкөй эле шарттар камсыздалган эмес. Ушуга байланыштуу, ошондой эле соодагерлерин ишин жакшыртуу үчүн алар биринчи кезекте ижара акысын кеминде эки эсеге азайтышы керектигин айтты. Андан тышкары майда соода менен алектенген ишкерлер ККМ алууга шайманы келбейт, алар ККМди акысыз алууга тийиш,-деди Ташиев.  

Кыргызстанда өткөн жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн” жана Ош, Талас, Каракол шаарларындагы базардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери да акция өткөрүшкөн.

4-декабрда Кара-Балта, Токмок шаарларындагы базарда иштегендер нааразылык акциясына чыгышканы маалым болду.

Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.       

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты