Турсунбай Бакир уулу шайлоого катышуудан баш тартаарын билдирди  

  • 8 месяцев мурун

5-сентябрда УТРКдагы теледебатта Ленин шайлоо округу боюнча парламенттин депутаттыгына талапкер, экс-акыйкатчы, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу шайлоого талапкер катары катышуудан баш тартаары тууралуу билдирген.

Борбордук шайлоо комиссияcs Турсунбай Бакир уулунан шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы келип түшө электигин кабарлады..

БШКнын үгүт жүргүзүү боюнча жумушчу тобу депутаттыкка талапкерлерди шайлоочулардын алдында жооптуу болууга чакырды.

Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук №26 шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди.

28-майда саат 20:00дө Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. АСУ маалыматы боюнча Дамира Ниязалиева 6242 шайлоочунун добушун же 35,83% добуш алганы маалымдалган. Бирок, 29-майдын кечинде талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынын эки кызматкери кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Мындай чечимди БШК 16-июнда өткөн жыйынында кабыл алды. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болду.

Сүрөт: БШК.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты