Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлдү  

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Президенттин туризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу алкагында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде 8-январда жыйын өткөрдү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Азамат Жаманкулов өлкөнүн тарыхый-маданий жана жаратылыш баалуулуктарынын мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштарды берди.

Акылбек Жапаров белгилегендей, мамлекет башчынын жарлыгы менен туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлгөн.

«Биз экономиканын приоритеттүү тармагы – туризмди өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга, туристтер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Туристтик объекттерге алып баруучу бардык жолдор аларды андан ары реконструкциялоо жана тейлөө үчүн Транспорт министрлигинин балансына өткөрүлүүгө тийиш. Туризмдин билим берүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу артыкчылыктуу багыттарына жана туризмдин башка түрлөрүнө басым жасашыбыз керек» деди Министрлер кабинетинин башчысы. 

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Президент Жапаров «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» жарлыкка 2021-жылдын 18-декабрында кол койгон жана ага ылайык, туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти жана «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» мамлекеттик мекемесин түзүү токтом кылынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты