Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлөт

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жарлык туристтик тармактын субъекттерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, туристтик инфратүзүмдү реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн инструменттерди өркүндөтүү жана Кыргызстандын туристтик потенциалын жогорулатуу максатында кабыл алынды.

Ага ылайык, туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти жана «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» мамлекеттик мекемесин түзүү токтом кылынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты