Туйгуналы Абдраимов үй камагына чыгарылды

  • 2 года мурун
Туйгуналы Абдраимов үй камагына чыгарылды

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюняа кармалган БШКнын мурдагы төрагасы Туйгуналы Абдраимов үй камагына чыгарылды.  

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 1-майында Туйгуналы Абдраимовго кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү менен айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Кылмыш ишин андан ары иликтөөнүн жүрүшүндө Туйгуналы Абдраимов мыйзамсыз аракеттерин түшүнүп, кылган ишине өкүнүп, жазасын жеңилдетүү максатында 11,2 гектар жер тилкесин (таштанды таштоочу жай) Чүй облусунун Ысык-Ата райондук администрациясынын балансына өткөрдү, иш боюнча белгиленген 15 300 000 сом зыяндын ордун толук толтурду, ошондой эле Ысык-Ата курортунун аймагында жайгашкан конок имаратын өз ыктыяры менен КР Кыргызстан профсоюздар федерациясынын балансына өткөрүп берди.

Буга байланыштуу 2022-жылдын 29-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөөнүн өтүнүчү менен Туйгуналы Абдраимовдун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен бул кылмыш иши сотко жөнөтүлөт.

Ал БШКнын төрагасы болуп турганда,  2015-жылы Чүйоблусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алуу аркылуу муниципалдык жер тилкени таштанды таштоочу жай катары (95% акциясы Т.Абдраимовго тиешелүү)  “Кайнар” жабык акционердик коомуна ижарага берүү боюнча иштерди жүргүзгөндүгү белгиленген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты