Туйгуналы Абдраимов кармалды

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы, Чүй облусунун мурдагы губернатору Туйгуналы Абдраимов кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК)  басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Туйгуналы Абдраимов кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шек саналууда.

БШК төрагасы болуп турган учурунда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагында “Кайнар” компаниясына таштанды полигону үчүн 11,2 гектар жерди акысыз мыйзамсыз берүүгө айыл өкмөттөгүлөрдү мажбурлаганы боюнча кине коюлууда.  Ал эми Абдраимовго аталган компаниядан 95 % үлүш тиешелүү болгон.

“Кайнар” бардык экологиялык-санитардык талаптарды аткарууга милдеттүү болгон. Келишимге ылайык, Кант шаарынын мэриясы 2015-жылдан баштап жылына 250 миң сомду таштанды утилизациясы үчүн төлөп турган.  Бирок “Кайнар” компаниясы таштандыны утилизациялоо талаптарын аткарбагандыгы, таштандыны топтой бергендиги белгиленди.   

Туйгуналы Абдраимов УКМК убактылуу кармоо жайына камалганы айтылды.

Териштирүү иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты