Токтогул районунда жер титиреди

  • 1 месяц мурун

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча бүгүн, 14-мартта саат 03:06да Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бор-Дөбө тилкесинде 3,5 балл, Жетиген, Кетмен-Төбө, Саргата, Камыш-Башы (Чалдыбар), Көк-Бел, Кызыл-Ураан айылдарында 3 баллга (Бор-Дөбө тилкесинен 7 чакырым түштүк батышта, Кетмен-Төбө айылынан 12 чакырым түштүк чыгышта, Жетиген айылынан 13 чакырым түштүк батышта, Саргата айылынан 15 чакырым түштүк батышка) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

12-мартта Ош облусунда очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты