Ош шаарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 1 месяц мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 12-мартта, саат 09:11де Ош шаарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош шаарында 5 баллга (Ош шаарынан 3 чакырым түндүктө) чейин сезилген. Учурда сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Сейсмология инситутунун болжолдуу маалыматтары боюнча, жер титирөө Шарк айылынан 2 км батышта, Кызыл-Кыштак айылынан 3км түндүк-батышта, Ош шаарынан 3 км түндүктө, Нариман айылынан 4 км түндүк-батышта, Кыргыз-Чек айылынан 5 км түндүк-батышта, Кашкар айылынан 7 км түштүк-батышта, Кара-Суу айылынан 16 км түштүк-батышта. Жер титирөөнүн очогу Ош шаарында, Сулайман-Тоодон 2,5 км жерде болгон.

Жер титирөө Ошто 5 балл, Шарк, Таштак, Кызыл-Кыштак, Нариман, Кыргыз-Чек айылдарында 5 баллга жакын, Кара-Суу айылында 4 баллга чейин сезилген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты