Ташиев Көлбаевдин жок кылынышы тууралуу cөз кылды. Президенттин тапшырмасын кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи

Бүгүн, 5-октябрда, капиталдык оңдоодон кийин УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Токмок шаардык бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болуп өттү.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жаңы имарат  УКМК төрагасы Ташиев тарабынан салтанаттуу ачылды. Аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы жана атайын кызматтын ардагерлери катышты.

Жаңы имарат кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө зарыл болгон бардык заманбап шарттар менен камсыздалгандыгы да айтылды.

Камчыбек Ташиев кызматкерлерди куттуктап, атайын кызматтын өлкөдөгү бардык бөлүмдөрүнө жетиштүү шарт түзүү аракети уланаарын белгиледи. Ошондой эле, коррупцияга каршы күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукту түп тамырынан жок кылуу тапшырмасын күчөтүүнү эскертти.

Аны менен катар УКМК төрагаcы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтон ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жана мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу боюнча мыйзамдын негизинде тийиштүү чаралар улантылып жатканын белгиледи. Буга 2023-жылдын 4-октябрында УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн кримтөбөл Камчыбек Асанбектин жок кылынганын мисал келтирди.

Ошондой эле, төрага сөзүн жыйынтыктап жатып мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырманы жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.

Кечээ, 4-октябрда, кримтөбөл Камчыбек Көлбаев кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөтүү учурунда жок кылынган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты