Токмок шаарына чектеш жердеги ири өрт 11 саатта өчүрүлдү

Токмок шаары менен Чүй району чектешкен жерде 26-ноябрда чыккан өрт  27-ноябрга караган түнү саат 00:41де өчүрүлдү. Өрттүн аянты 400 гектар болуп, 11 саатта өчүрүлдү.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.  

Жеринде кайрадан өрт тутанып кетүүсүнө жол бербөө максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Чүй райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 6 куткаруучу, 1 көчмө насостук станция жана АР-2 техникасы менен нөөмөткө калып, көзөмөл жүргүзүүдө.

Буга чейин өрт чыккандыгы тууралуу маалымат жарыяланган, аталган жердеги өрттүн кесепеттерин жоюу үчүн атайын штаб түзүлгөн. Өрт чыккан аймактагы кырдаалдан кабар алууга өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов барды.

Ага ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Эрнест Дыйканбаев аймактагы кырдаал тууралуу маалымдады.

Жеринде өрт өчүрүүчөр 11 сааттан бери иштеп жаткан..

Өрт 26-ноябрда саат 20:30 да чектөөгө алынып, 27-ноябрда саат 00:41де өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен 2 сарай, 1000 түк чөп, бир чарбалык курулуш, бир “желмаян” техника жана болжол менен 400 гектар аянттагы камыш, бак-дарактар өрттөндү.

Токмок шаарына жакын, ачык аянттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 26-ноябрда саат 12:13тө берилген. Күндүз шамал болуп, өрт аянты кеңейген. Учурда өрт чыккан аймакта жалпысынан 186 кызматкер, 11 өрт өчүрүүчү унаа, 2 суу ташуучу унаа, 1 ППУ, 2 дрон, 2 көчмө насостук станция, 2 техника, 5 мотопомпа иштеди.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты