Токмок шаарына жанаша жайгашкан жаратылыш аймагынан өрт чыкты
- 2 месяца мурун
Баштапкы маалымат боюнча Токмок шаарына жанаша жайгашкан мамлекеттик “Заказник” жаратылыш аймагында өрт чыккан. Аймактагы шамалдан улам, өрт жайылып, бир топ жер өрттөнүүдө.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Өрттү өчүрүүгө 159 кызматкер, өрт өчүрүүчү 9 унаа, суу ашуучу 2 унаа, 2 мотопомпа, көчөм насостук 2 станция чыкты , дагы эки АР-2 техникасы иштеп жатат.
Чүй районунун аймагындагы өрт кырсыгын өчүрүү иштерин Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүнө алынды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




