Токаевдин инаугурациясы 26-ноябрга белгиленди

  • 1 год мурун

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 22-ноябрда президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.

Акыркы сандар болжолдуу жыйынтыкта көрсөтүлгөн сандардан анча айырмаланбайт. БШКнын төрагасы Нурлан Абдиров президенттик кызматка киришүү аземи 26-ноябрга белгиленгенин билдирди.

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрда өткөн. Расмий маалыматка караганда, Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 81,3% добушун алды. Байкоочулар шайлоого катышкан дагы беш талапкер атаандаштык болгондой түр көрсөтүү үчүн гана тартылганын белгилешти: Алар шайлоого катышкан жарандардын 2–3% добушун алды. Шайлоочулардын 5,8 баарына каршы добуш берген.

ЕККУнун байкоочулар миссиясы шайлоо саясий кырдаалда өткөнү, атаандаштык болбогону жөнүндө бүтүм чыгарган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты