Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат

  • 1 год мурун

Бүгүн, 20-ноябрда Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Астана убактысы боюнча таңкы саат 6:00дө өлкөдө 86 шайлоо участогу ачылды, өлкө боюнча көпчүлүк шайлоо участкалары таңкы саат 7:00дө иштей баштады, батышта гана алар кийинчерээк ачылат. Добуш берүү саат 20:00гө чейин уланат. 

Жаңыланган Конституцияга ылайык, Казакстандын президенти бир гана жети жылдык мөөнөткө шайланат жана андан ары талапкер боло албайт. Талапкер жеңүү үчүн 50%дан ашык добуш алышы керек. Эгерде бир дагы талапкер мындай колдоо ала албаса, анда шайлоонун экинчи туру өткөрүлөт. 

Жалпысынан шайлоого 11 миллион 800 миң казакстандык жаран катыша алат. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты