Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында Орусиядагы окуяларды өлкөнүн «ички иши» деп атады

  • 10 месяцев мурун

25-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Акорда сайтында маалымдалды.

Жыйын Орусиядагы кырдаалга байланыштуу уюштурулган.

Расмий билдирүүдө бул окуялар Орусиянын “ички иши”, бирок “казакстандыктар дос өлкөдөгү кырдаалды тынчсыздануу менен кабыл алышты” деп айтылат.

Касым-Жомарт Токаев согуштук аракеттерди токтотуу боюнча жетишилген макулдашууну кубаттаган.

«Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдөгү каржы-экономикалык туруктуулукту, ошондой эле казак жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу зарылчылыгы белгиленди. Президент бардык ведомстволордун жетекчилерине кризистик кырдаалдардын мүмкүн болуучу коркунучтарына жооп берүүгө даяр болууну тапшырды»деп айтылат билдирүүдө.

Орус президенти Владимир Путиндин узактан берки жакын санаалаштарынын бири деп саналып келген Евгений Пригожиндин күчтөрүнүн армия жетекчилерине каршы Москвага багытталган жүрүшү 24-июнда кечке маал токтотулган. Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенко аралашкан сүйлөшүүлөрдөн кийин «вагнерчилерге» ачылган кылмыш иштери токтотулуп, Пригожинге Беларуска чыгып кетүүгө уруксат берилгени кабарланган. Азырынча Пригожин жана «вагнерчилер» кайсы тарапка бет алганы так белгисиз.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты