Тогуз айда Орусиядан 1900 кыргыз жараны депортация болду

  • 6 месяцев мурун

Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында Орусиядан 1900 кыргызстандык депортация болду.

Бул тууралуу 13-ноябрда “Азаттыкка” эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кубандык Акматбеков билдирди. Анын айтымында, былтыр бир жыл ичинде Орусиядан 2200 кыргызстандык чыгарылган.

Алардын депортацияланышына Орусиянын миграция мыйзамдарын бузганы тууралуу сот чечимдери негиз болгону кабарланды.

Орусиянын ички иштер министрлиги быйыл «Нелегал–2023» операциясы алкагында 96 миң факт катталганын, 15 миң чет өлкөлүк депортация болгонун 7-ноябрда билдирген.

Москванын аэропортторунда мигранттардын бармак изин алуу жана сүрөткө түшүрүү иштери жүргүзүлө баштай турганы кабарланган. Мамлекеттик Думада сентябрдан тартып жарандык алган, армияга барбай, аскердик милдетин өтөбөгөн мурдагы мигранттарды жарандыктан ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору каралары да маалымдалган.

Айрым маалыматтарга караганда, мыйзамсыз мигранттарга каршы күрөшкө жамынып орус бийлиги ал жакта иштеп жаткан чет өлкөлүктөрдү – айрыкча борбор азиялыктар менен кавказдыктарды Украинадагы согушка салууну көздөйт. Полиция базарларда, мечиттерде рейд жүргүзүп, кармалгандарды аскер комиссариаттарына алып барганын күбөлөр, маалымат каражаттары кабарлаган.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты