ТИМ Россияга кирүү боюнча жаңы эрежелер тууралуу эскертти

  • 1 год мурун

Тышкы иштер министрлиги 2025-жылдын 30-июнунан тартып Россияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирип-чыгуусунун жаңы эрежелерин сыноонун экинчи этабы башталарын эскертет.

Ага ылайык, визасыз тартипте Россияга кирген чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары, чек арадан өтүүнү пландаган убактан кечиктирбестен 72 саат мурда «RuID» мобилдик тиркемеси аркылуу катталуусу зарыл.

Өтүнмө берүү үчүн чет өлкөлүк жарандар мобилдик телефонуна «RuID» тиркемесин жүктөп, чыгып жаткан өлкөсүн, сапардын максатын жана даталарын, барчу региондорду көрсөтүшү, ошондой эле биометрикалык маалыматтарын тапшыруусу керек (беттин сүрөтү, паспорттун сүрөтү жана үн жазуу). Эгерде чет өлкөлүк жарандар балдары менен Россияга келе жатышса, ата-эне тиркеме аркылуу балдарынын маалыматтарын толтурушу зарыл.

Көрсөтүлгөн маалыматтар толтурулгандан жана өлкөгө кирүү боюнча чектөөлөр (т.а. «кара тизмеде» бар-жогу) текшерилгенден кийин, чет өлкөлүк жарандын сапары электрондук түрдө авторизациядан өтөт.

Документ менен тастыкталган шашылыш дарыланууга муктаждык, оор оорулуу болуу же жакын тууганынын каза болушу сыяктуу жагдайлар болгондо, мындай арыз пландаштырылган кирүү убактысынан кеч дегенде 4 саат мурун берилүүсү мүмкүн.

Маалымат үчүн: «RuID» тиркемеси «Госуслуги» платформасынын чет элдик жарандар үчүн түрү болот жана жакынкы арада жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү болот.  

«RuID» тиркемесине катталуу чет элдик жарандын санариптик профилин түзүү үчүн да талап кылынат. Бул профиль аркылуу жарандар келечекте мамлекеттик жана башка кызматтарды электрондук түрдө ала алышат, анын ичинде СНИЛС, ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу (ДМС) полисин тариздөө жана орус SIM-картасын сатып алуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Россиянын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө мүмкүн болгон кыйынчылыктарга жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын жарандарына Россияга кирүү боюнча жаңы тартип менен алдын ала таанышып чыгуу сунушталат.

Россия Федерациясына кирүү боюнча жаңы эрежелер түшүндүрүлгөн маалыматтык видео:

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты