Орусиядан 15 миң чет өлкөлүк депортация болду

  • 9 месяцев мурун

Орусиянын ички иштер министрлиги «Нелегал–2023» операциясынын эки баскычында миграциялык мыйзамдарды бузуунун 96 миң учуру катталганын, 15 миң чет өлкөлүк депортация болгонун билдирди.

Мекеменин расмий өкүлү Ирина Волктун маалыматында, рейддер июнда жана октябрда жүргүзүлгөнү, мыйзамсыз мигранттарды аныктоо максатында андай текшерүүлөрдү туруктуу негизде өткөрүп туруу пландалганы айтылды. Операциянын жүрүшүндө федералдык жана эл аралык издөөдө жүргөн 447 киши аныкталды.

Кайсы өлкөлөрдүн канча жараны Орусиядан чыгарылганы айтылган жок.

Орусиянын Ички иштер министрлиги жакында Москванын аэропортторунда мигранттардан дактилоскопия (бармак издерин алуу) жана сүрөткө түшүрүү иштерин жүргүзө баштары кабарланды.

Орусиянын Мамлекеттик думасында сентябрдан тарта жарандык алган, армияга барбай, аскердик милдетин өтөбөгөн мурдагы мигранттарды жарандыктан ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору каралары да маалымдалган.

Айрым маалыматтарга ылайык, мыйзамсыз мигранттарга каршы күрөшкө жамынып орус бийлиги ал жакта иштеп жаткан чет өлкөлүктөрдү – айрыкча борбор азиялыктар менен кавказдыктарды Украинадагы согушка салууну көздөйт. Полиция базарларда, мечиттерде рейд жүргүзүп, кармалгандарды аскер комиссариаттарына алып барышканын күбөлөр да, медиа да кабарлашкан.

Москвада аскерге барбаган борбор азиялыктарга каршы 22 кылмыш иши козголгонун Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты