ТИМ: Россиядагы жарандарга укуктук статусту жөндөөгө байланыштуу элчиликке ар күнү 700гө жакын адам кайрылууда  

  • 11 месяцев мурун

Россия аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына, укуктук статусту жөндөп алуу үчүн 2025-жылдын 10-сентябрына чейин берилген мөөнөтүнүн аяктап бара жаткандыгына байланыштуу элчиликтин консулдук бөлүмүнө күнүнө 500дөн 700гө чейин Кыргыз Республикасынын жарандары келип, аларга консулдук, укуктук жардам көрсөтүлүүдө.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, элчилик Кыргыз Республикасынын жарандары көбүрөөк жүргөн жерлерге барып, Россиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жеринде жолугушууларды өткөрүп, андан тышкары, кыргыз диаспорасы менен тыгыз байланышта иш алып барышып, расмий интернет-ресурстар жана социалдык тармактар аркылуу маалыматтык материалдарды жана видео роликтерди тынымсыз таркатып жатышат.

Борбордук аппараттан кошумча кызматкерлер элчиликке жиберилди.

Элчиликтин консулдук бөлүмүнө ар кандай маселелер боюнча күнүнө 500дөн 700гө чейин Кыргыз Республикасынын жарандары келип, аларга ар кандай консулдук кызматтар жана консулдук-укуктук жардамдар көрсөтүлүүдө. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле элчилик тарабынан жарандарга 89 464 консулдук кызмат жана иш-аракеттер көрсөтүлгөн, алардын ичинен 6 249 Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун алкагында аткарылган.

Элчиликтин ишеним телефону аркылуу 19 655 жаранга укуктук консультация берилди, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу кайрылган 8 151 мекендештердин кайрылууларына тиешелүү укуктук консультациялар берилди, ал эми документтештирүү боюнча 39 612 жаран консультация алышты. Ошол эле учурда, жеке кабыл алуу аркылуу 5 500 жаранга консулдук-укуктук жардам берилди. Мындан тышкары, жарандардын жазуу жүзүндөгү 492 арызы каралып, алардын ичинен 409 кайрылуу оң чечилген.

2025-жылдын жарым жылында, консулдук кызматкерлер укук коргоо органдарына, ооруканаларга, моргдорго, аэропортторго 240тан ашык долу барышты. Россиянын аймагындагы түзөтүү абактарында жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын 87 жаранына барып жолугушту. Ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек 15 баланы мекенине кайтарууга көмөк көрсөтүлдү. 116 жаранды административдик жоопкерчиликтен, ал эми 10 мекендешти кылмыш жоопкерчилигинен бошотушту. Кыргыз Республикасына оор турмуштук кырдаалга кабылган, анын ичинде зомбулуктун курмандыктары болгон 19 жаран өлкөгө кайтарылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты