Кыргызстандын жана Россиянын акыйкатчылары мигранттар арасында маалыматтык иш-чара өткөрөт
- 11 месяцев мурун
Кыргызстандын Акыйкатчы институту жана Россиянын Адам укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү мигранттар арасында биргелешкен укуктук маалыматтык иш-чараларды өткөрөт.
Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Бул боюнча бүгүн, 9-июлда, кол коюлган 2025-2026-жылдарга карата кызматташтык жөнүндө кошумча протоколдо каралган.
РФнын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова бүгүн Бишкекке Акыйкатчы институтунун кеңсесине келди. Ал институттун иши менен таанышып, кызматкерлери менен баарлашты.
Жолугушуу учурунда Жамиля Жаманбаева биргелешкен ишмердүүлүк эки өлкөдө тең адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоону өнүктүрүүгө мындан ары да көмөктөшөрүн баса белгиледи.
Протоколдо тараптар Кыргызстандын жана Россиянын билим берүү мекемелеринде жаштар менен жолугушууларды өткөрүүсү пландалган.
Мындан тышкары, РФ менен КРнын укук коргоо институтунун кызматкерлери мониторинг жана инспекция жүргүзүү, жарандардын кайрылууларын кароо боюнча тажрыйба алмашат.
Ошондой эле мигранттардын укуктарын коргоо маселелери боюнча биргелешкен окууларды өткөрүү жана мигранттар арасында биргелешкен маалыматтык-агартуу ишин жүргүзүү каралган.
Омбудсмендер иш сапарлары учурунда чогуу мигранттарды кабыл алышат.
Эске салсак, өткөн жылы Жамиля Жаманбаева жана Татьяна Москалькова Санкт-Петербург шаарында эмгек миграциясында жүргөн Кыргызстандын жарандарын кабыл алган.
КР Акыйкатчы институту менен РФдагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга 2022-жылдын 26-октябрында кол коюлган. 2023-жылдын августунда тараптар аны ишке ашыруу боюнча биринчи протоколду бекитишкен.
Сүрөт: Акыйкатчы институту




