Москвада жана Москва облусунда чет элдик жарандарды жашаган жери боюнча эсепке алуу тартиби киргизилет
- 11 месяцев мурун
2025-жылдын 1-сентябрынан тартып Москва шаарында жана Москва облусунда чет элдик жарандардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашаган жери боюнча эсепке алуу эксперименттик тартиби киргизилет. Ал азыркы учурда колдонулуп жаткан миграциялык каттоонун тартибинин ордун толтурат.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сз кызматы эске салды.
Маалыматта айтылгандай, Москва шаарына жана Москва облусуна эмгектенүү максатында барган чет элдик жарандар “Амина” деп аталган атайын мобилдик колдонмосун милдеттүү түрдө орнотушу керек болот.
“Амина” колдонмосу аркылуу Москва шаарынын көп функционалдуу миграциялык борборунун (ММЦ Сахарово) дареги боюнча каттоого туруп, ички иштер органдарын чет элдик жаран түнөгөнгө, эс алганга, туруктуу пайдаланып жаткан чыныгы жашаган жери жөнүндө алыстан маалымдоого мүмкүнчүлүк берет. Жашаган жери өзгөргөн учурда, чет элдик жаран колдонмонун интерфейси аркылуу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү.
“Амина” мобилдик колдонмосун чет элдик жарандар өз алдынча “RuStore” колдонмо дүкөнүнөн орното алышат, бул үчүн ММЦ Сахарово же Россиянын ИИМнин аймактык бөлүмдөрүнө баруунун кажети жок.
Колдонмого катталуу (авторизация) үчүн жарактуу чет элдик жарандын картасы талап кылынат. Аны алуу үчүн чет элдик жаран Сахарово борборуна кайрылышы керек. Ал эми карта жоголгон учурда, “Амина” колдонмосуна паспорттук маалыматтар аркылуу да кирсе болот.
Мобилдик тиркеме Россиянын ИИМине геолокация жөнүндө маалыматтарды жөнөтүп турат. Эгер тиркеме бир нече күн бою маалымат жөнөтпөй калса, чет элдик жаранга жашаган дарегин тастыктоо же анын өзгөрүүсү тууралуу Россиянын ИИМине кабарлоо зарылдыгы жөнүндө эскертүү келет. Бул үчүн ички иштер органдарына же Сахарово борборуна баруунун кереги жок.
Эгер акыркы мониторингден кийин үч күндөн ашык убакыт ичинде абоненттин геолокациясы тууралуу маалымат болбосо, чет элдик жаран Сахароводогу дарек боюнча каттоодон чыгарылат.
Эксперименттин шарттарын бузуу — чет элдик жаран тууралуу маалыматты Россия Федерациясынын көзөмөлдөгү адамдардын реестрине киргизүүгө негиз болушу мүмкүн.
Колдонмонун иштөөсү менен таанышуу үчүн, эксперимент башталганга чейин аны сынак режиминде колдонууга болот.
Ушуга байланыштуу, Россиянын миграция мыйзамдарын бузууга байланышкан кесепеттердин алдын алуу максатында тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарын Москва шаары менен Москва облусундагы чет элдик жарандарды каттоо боюнча жаңы эрежелер менен алдын ала таанышып чыгууга чакырат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




