Россияга кирүүнүн жаңы тартиби боюнча эксперименттин экинчи этабы башталды
- 1 год мурун
- Видео
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги 2025-жылдын 30-июнунан тартып Россияга кирүү боюнча жаңы эрежелерди сыноо боюнча эксперименттин экинчи этабы башталганы тууралуу жарандардын көңүлүн дагы бир ирет бурат.
Ага ылайык, чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары, Россиянын чек арасынан өтүүнү пландаган убактан кечиктирбестен 72 саат мурда «RuID» мобилдик тиркемеси аркылуу катталуусу зарыл.
Бул үчүн төмөнкү шилтемелер аркылуу тиркемени жүктөп алса болот:
1. App Store: https://apps.apple.com/kg/app/ruid/id6745255593
2.Google Play: https://play.google.com/store/apps/details?id=ru.gosuslugi.migrant
Каттоо учурунда өлкөдөн чыгуучу мамлекетти, сапардын максатын жана күндөрүн, бара турган аймактарды көрсөтүү, биометриялык маалыматтарды (беттин сүрөтү, паспорттун сүрөтү жана үн) берүү талап кылынат. Эгерде сапарга балдар менен чыгуу пландалса, алардын да маалыматтары кошумча киргизилет.
Көрсөтүлгөн маалыматтар толтурулгандан жана өлкөгө кирүү боюнча чектөөлөр (т.а. «кара тизмеде» бар-жогу) текшерилгенден кийин, чет өлкөлүк жарандын сапары электрондук түрдө авторизациядан өтөт. Өзгөчө кырдаалдарда (дарылануу, оор оорулуу болуу, жакынынын каза болушу) арызды чек арадан кирүүдө 4 саат мурда берүү мүмкүн.
Каттоо жарандын санариптик профилди түзүү, СНИЛС жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ДМС) алуу, ошондой эле SIM-карта сатып алуу үчүн талап кылынат.
Россига кирүү боюнча жаңы эрежелер тууралуу маалымат берүүчү видеоролик менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышса болот:
Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арасын өтүүдө мүмкүн болгон көйгөйлөрдөн алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын жарандарына жаңы тартип менен алдын ала таанышып чыгуу жана ал эми жогоруда көрсөтүлгөн тиркемеде каттоонун жоктугуна байланыштуу кирүүгө тыюу салынган учурлар тууралуу ыкчам маалымат берүү сунушталат.
Байланыш үчүн телефондор:
1. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин консулдук департаменти: +996 999 312 002 (WhatsApp/Telegram) же «Электрондук консул» порталы аркылуу кайрылуу: e-consul.gov.kg
2. Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору: +996 224 550 332, +996 227 550 332, 1899, сайт: https://migrant.kg




