Тимур Мадяров Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды
- 1 месяц мурун
Тимур Мадяров Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды.
Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Буга чейин Фархат Алжамбаев Каракол шаарынын мэри кызматынан бошотулган.
21-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттик аппараттын коллегиясында бир катар райондордун акимдердин бошотууга президентке сунуш киргизген.
Ошондой эле Каракол шаарынын мэри Фархат Алжамбаевге өзүнүн функционалдык милдетин жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн, мэрдин орун басары Гүлназ Орозованы кызматтан бошотуу сунушталган.
Сүрөттө: Тимур Мадяров. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү