Кызыл-Кыя жана Каракол шаарларынын мэрлери кызматтан бошотулду

  • 2 месяца мурун

Асилбек Маткалыков өз арыздарынын негизинде Кызыл-Кыя шаарынын мэри кызматынан жана Фархат Алжамбаев Каракол шаарынын мэри кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу тескемеге Садыр Жапаров кол койгону тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

21-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттик аппараттын коллегиясында бир катар райондордун акимдердин бошотууга президентке сунуш киргизген.

Ошондой эле Каракол шаарынын мэри Фархат Алжамбаевге өзүнүн функционалдык милдетин жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн, мэрдин орун басары Гүлназ Орозованы кызматтан бошотуу сунушталган.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты