Бишкек мэри Кытайдын Чанша шаарындагы таштандыны кайра иштетүү комплекс иши менен таанышты
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чанша шаарына болгон иш сапарынын алкагында тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүргөн Hunan Junxin Environmental Protection Co., Ltd.компаниясынын комплексинин иши менен таанышты.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Бишкек шаар делегациясын компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Дай Даого кабыл алды.
Ишкананын өкүлдөрү делегацияга экскурсия өткөрүп, таштандыны кайра иштетүүнүн технологиялык цикли, экологиялык көзөмөл системасы жана электр энергиясын өндүрүү процесси тууралуу кеңири маалымат беришти.
Комплекстин кубаттуулугу суткасына 10 миң тоннадан ашык тиричилик калдыктарын кайра иштетөөгө жетет.
Ишканага баруу Бишкек шаарындагы таштандыларды кайра иштетүү комплексинин экинчи этабын ишке ашырууга даярдык көрүүдө практикалык мааниге ээ. Аталган долбоор да Junxin компаниясы тарабынан ишке ашырылууда.
Заводдун биринчи этабы суткасына 1000 тонна калдыкты кайра иштетүүгө эсептелген. Экинчи этап аяктагандан кийин комплекстин жалпы кубаттуулугу суткасына 3000 тоннага жетет.
Чанша шаарынын тажрыйбасын Бишкекте калдыктарды кайра иштетүү жана экологиялык жактан таза электр энергиясын өндүрүү системасын мындан ары өнүктүрүүдө колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкууланды.
Сүрөт: Чанша шаарында таштанды иштетүүчү комплекс. bishkek.gov.kg




