МинКаб төрагасы президентке бир катар акимдерди кызматтан бошотуу сунушун киргизет
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 21-февралда, президенттик аппараттын коллегиясынан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президентке бир катар акимдерди кызматтан бошотууну сунушун киргизмекчи болду.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.
Президент Садыр Жапаровдун кароосуна төмөнкү акимдерди кызматтан бошотуу сунуштары киргизилсин:
— Баткен районунун акими Учкун Жоробаевди;
— Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карагуловду;
— Араван районунун акими Сейтек Кулубаевди;
— Ноокат районунун акими Жакыпбек Субагожоевди;
— Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насировду;
— Талас районунун акими Нургазы Нармырзаевди;
— Манас районунун акими Досмамбет Жээнбековду кызмат ордунан бошотууну сунуштайт.
Ошондой эле Каракол шаарынын мэри Фархат Алжамбаевге өзүнүн функционалдык милдетин жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн Каракол шаарынын мэринин орун басары Гүлназ Орозованы кызматтан бошотуу сунушталат.
Нарын районунун администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаровго өзүнүн функционалдык милдетин жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн администрациянын аппарат жетекчиси Жыпар Жээналиеваны бошотуу сунушталат.
Сүрөт: gov.kg