Молдобасанов атындагы консерваториянын ректору болуп Гүлшан Конушева дайындалды  

18-сентябрда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын эмгек жамаатына жаңы ректор Гүлшан Конушева тааныштырылды.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.  

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлшан Конушева Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп дайындалды.

Жаңы ректорду эмгек жамаатына маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков жана илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Кубатбек уулу Нарынбек тааныштырды.

Иш-чарага консерваториянын профессордук-окутуучулар курамы жана эмгек жамааты катышты.

Гүлшан Конушева 1978-жылдын 25-июнунда Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында туулган. 1996-жылы П. И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын алдындагы Борбордук орто атайын музыкалык мектепти аяктаган.

Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында концертмейстер болуп эмгектенген. Кийинки жылдары Казакстандын Астана шаарындагы мамлекеттик опера жана балет театрынын опералык труппасында концертмейстер, Россиянын Владивосток шаарындагы Мариин театрынын Приморье филиалынын опералык труппасында концертмейстер болуп эмгектенип келген.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты