ТИМ ЖМК жана чет элдик дипломатия өкүлчүлүктөрүн жалган жана текшерилбеген маалымат таратпоого чакырды

  • 2 месяца мурун

18-майга караган түнү Бишкек шаарында чет элдик жарандардын катышуусунда болгон окуяга байланыштуу тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

Окуя тууралуу маалымат түшкөн учурдан тартып Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан окуяга катышкан адамдарды, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды жана Кыргыз Республикасынын жарандарын кармоо боюнча ыкчам чаралар көрүлгөн. Кырдаал толугу менен күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө болуп, жарандардын коопсуздугу жана коомдук тартип камсыз кылынган.

«Окуяга катышкандардын арасында оор жаракат алгандар жок. 15ке жакын жаран медициналык мекемелерге текшерүүдөн өтүү үчүн кайрылган. Жабыркаган чет элдик жарандар боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигине эч кандай билдирүү түшкөн эмес. Ошону менен бирге, министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү жалган жана текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырат» деп билдирди тышкы иштер министрлиги.

Бишкек шаарынын аймагында абал туруктуу. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Милиция кызматкерлери тарабынан кайгуул уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги бүгүн, 18-майда, билдирди.

17-май күнү кечинде Бишкек шаарында, Чүй жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги конок үйдүн биринин жанында 100дөн ашык киши топтолду. Социалдык тармактарда тараган видеолордо турган адамдардын айрымдарын милиция кызматкерлери кармап кетип жатканын көрүүгө болот.

17-майда кечинде Интернетте «чет элдиктер аралашкан» деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазып чыгышты.

Свердлов райондук милициясы окуя боюнча кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, чет өлкөлүк үч жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын “Азаттыкка” билдирди.

18-майга караган түнү болгон окуялар боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев комментарий берди.

-Жалаң жаш балдар, 18 жаштан 25 жашка чейинки жаш балдар,  200дөн баштап 500-700гө чейин балдар катышып жүрүштү жана ошол балдардын талаптары – биздин мамлекетибизге келген башка мамлекеттердин жарандарынын көбөйүп кетүүсүнөн негизинде, бул – Бангладеш, Пакистан, Индия жана башка өлкөлөрдөн келип окугандардын көп болуп кетишине байланыштуу. Кечээки балдардын талаптары туура болгон деп эсептеймин. Келген мигранттардын көп болуп кеткендигине байланыштуу биз чараларды көрүп жатабыз, -деди УКМК төрагасы.    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты