ТИМ жүйөлүү негиз болбосо, жарандарды Орусияга барбай турууга чакырды

  • 1 месяц мурун

Москва шаарындагы «Крокус Сити холл» концерттик залында көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген террористтик актка жана Орусияда коопсуздук жана террорчулукка каршы коргонуу чаралары күчөтүлгөндүгүнө байланыштуу, тышкы иштер министрлиги  кыргызстандык жарандарга Россияга барбай турууну сунуштады.

Ошондой эле буга чейин эки же андан көп жолу административдик укук бузган жарандардын мамлекеттик чек арадан өтпөй калуу ыктымалдыгын жана андан улам келип чыккан кесепеттерди болтурбоо максатында Россиянын аймагына баруудан баш тартууга чакырды.

Орусия аймагында жүргөн жарандардын эл топтолгон жайларга баруудан баш тартууга, жанында документтерди ала жүрүүгө, укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга кеңеш берди.

Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жарандар Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы элчилигинин тез байланыш номери  +7 925 115 50 47 жана Тышкы иштер министрликтин консулдук департаментинин номери +996 999 312 002 менен байланышуусу зарыл экенин эскертти

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” деп аталган борборго кеминде төрт куралчан адам кирип барып, концерт көргөнү барган адамдарды аткылай баштаган.

Тергөө комитети кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган.

Орусияда концерттик залдагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны 24-мартка карата 137ге жетти, алардын 62си ким экени боюнча маалымат такталып, аныкталды. Каза тапкандардан тышкары жараат алгандар 150дөн ашык адам.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө “теракттын катышуучусу” экенин маалымдады.

Москва шаарынын Басман райондук соту “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы кол салууга шектүүлөрдү 22-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты