ТИМ Кыргызстандын жарандарына Израилден Египет аркылуу чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү берилгенин билдирди

  • 1 год мурун

Тышкы иштер министрлиги Израилдин аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары 24-июнда уюшкан түрдө  Египет аркылуу чыгып кетсе болорун билдирди.

Израиль менен Ирандын ортосундагы жаңжалдан улам аймактагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Египет тарап менен Кыргыз Республикасынын жарандарына Эйлат шаарындагы Египеттеги башкы консулдугунан кыска мөөнөттүү визаларды (14 күндөн 30 күнгө чейин) жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алуу жөнүндө макулдашуу жетишилди.

Бул Кыргыз Республикасынын жарандарына Израилден Египет аркылуу чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Кыргыз Республикасынын Израилдеги ардактуу консулунун Герцлия шаарындагы кеңсесинен Эйлат шаарындагы Египеттин башкы консулдугуна уюшкан түрдө чыгуу 2025-жылдын 24-июну, шейшемби күнүнө белгиленди.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги Израилден чыгып кетүүнү каалаган бардык жарандарды ыкчам түрдө төмөнкү маалыматтарды берүүнү өтүнөт:

  1. Аты-жөнү;
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу паспортунун сериясы жана номери;
  3. Израилдеги учурдагы жүргөн дареги;
  4. Байланыш телефон номери;
  5. Паспорттун башкы бетинин сүрөтү.

Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды төмөнкү даректерге жөнөтүү зарыл:

  • электрондук почта аркылуу: [email protected];
  • же WhatsApp аркылуу төмөнкү номерлерге: +972 53 321 4916, +90 545 689 6800.

Кыргыз Республикасынын ТИМи маалыматтарды берүүнү кечиктирбөөгө чакырат.

Кошумча суроолор жаралса, төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылууну өтүнөбүз:

  1. Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги: +90 545 689 68 00;
  2. Кыргыз Республикасынын Герцлия шаарындагы ардактуу консулдугу: +972 54 442 6498.

Кыргыз Республикасынын 28 жараны Ирандан Азербайжан аркылуу эвакуацияланды.

Израил Ирандын ядролук объекттерине сокку уруп, Ирандын жогорку аскер кызматкерлери каза тапканын Израилдин Коргоо аскери кабарлаган. Андан бери Иран-Израил жаңжалы уланууда.

Иллюстрациялык сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты