ТИМ абал турукташканга чейин кыргызстандыктарга Сириядан чыгып кетүүнү сунуштады

  • 2 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Сирияда жүргөн мекендештердин көңүлүн коопсуздук чараларын сактоо зарылдыгына бурат. Кырдаал турукташканга чейин министрлик жарандарга Сирия аймагынан чыгып кетүүнү сунуштайт.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандары консультация же жардам алуу үчүн төмөнкү ыкчам телефондору аркылуу кайрыла алышат: КР Кувейттеги элчилик: +965 517 021 80; Түркиядагы элчилик: +90 545 689 68 00.

Сириянын президенти Башар Асад Дамаск шаарынан чыгып кеткени тууралуу 7-маалымат декабрь күнү кечинде белгилүү болгон.  

Сириянын мурдагы президенти Башар Асад  Москвага качып барганын ТАСС агенттигинин жеке булактары билдирди. Басылманын жеке булактарынын айтымында, Россия Асадга саясий баш паанек берген.

8-декабрдын кечинде өкмөткө каршы топ Дамаск шаарына кирип барып, Сириянын президенти кулатылганын жарыялады.  

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты