Башар Асад үй-бүлөсү менен Россияда экендиги кабарланды

  • 2 месяца мурун

Сириянын мурдагы президенти Башар Асад  Москвага качып барганын ТАСС агенттигинин жеке булактары билдирди. Басылманын жеке булактарынын айтымында, Россия Асадга саясий баш паанек берген.

Ушундай эле маалыматты «РИА новости», “Интерфакс да кабарлады.

“Россиянын расмий бийлиги сириялык куралчан оппозиия менен байланышта, алар Сириядагы орусиялык аскер базасы жана дипломатиялык мекемелердин коопсуздугуна кепилдик беришти. Россия менен Сириянын ортосундагы саясий диалогго, эки тараптуу мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө ишенебиз” деп жазды «РИА новости».

CNN агенттиги маалымдагандай, Сириянын президенти Башар Асад Дамаск шаарынан чыгып кетти. Бул тууралуу 7-маалымат декабрь күнү кечинде белгилүү болгон.  

Буга чейин Асад авиа кырсыкта каза болушу мүмкүн экендиги да ЖМКда маалымдалган.

8-декабрдын кечинде өкмөткө каршы топ Дамаск шаарына кирип барып, Сириянын президенти кулатылганын жарыялады.  

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты