Сириянын президенти Башар Асад Дамаск шаарынан чыгып кеткени маалымдалууда

  • 2 месяца мурун

CNN агенттиги маалымдагандай, Сириянын президенти Башар Асад Дамаск шаарынан чыгып кетти. Бул тууралуу 7-маалымат декабрь күнү кечинде белгилүү болгон.  

Ал эми CNN билдиргендей, Сириянын расмий бийлик өкүлдөрү Асад Дамасктан чыкпаганын билдиришүүдө.  

Буга чейин The Wall Street Journal жеке булактарына таянып, Асад Москвада, ал эми анын балдары Бириккен Араб Эмираттарында экенин жазган.

Куралчан топтор ноябрь айынын аяк ченинде чабуул баштаган. 7-декабрда кечинде Асаддын каршылаштары Алеппо, Хама, Дейр-эз-зор, Дарааны басып алышып, Дамаскка жакын келип калышканы тууралуу маалыматтар тараган.  

Сириянын премьер-министри Мухаммад Гази аль-Жалали Сирия эли тандаган кандай гана бийлик болбосун, иштешүүгө жана бийликти өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты