ТикТок өкүлдөрү кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү үчүн Бишкекке келди

  • 8 месяцев мурун

TикТок платформасынын бийлик органдары менен байланыш жана корпоративдик маселелер боюнча Борбор Азия жана Чыгыш Европадагы директору Сергей Соколов кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келди.

ТикТоктун өкүлдөрү менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги сүйлөшүү жүргүзүп жатканы белгилүү болду .

30-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда ТикТокту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган. Мекеме буга соңку учурда бул социалдык тармак балдардын психикалык өнүгүүсүнө, саламаттыгына терс таасир тийгизип жатканына кабатырланган кайрылуулар көбөйгөнүн негиз кылган. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн Санарип өнүктүрүү министрлигине кат жөнөтүлгөнүн кошумчалаган.

Министрликтин мындай чечими социалдык тармактарда кызуу талкууланып, аны «сөз эркиндигин чектөө» деп баалагандар да болгон.

Тиркеме 2016-жылы Кытай рыногуна чыккан. Кийинки жылы ByteDance компаниясы эл аралык версиясын сунуш кылган. 2019-жылы тиркеме 693 миллион жолу орнотулса, 2020-жылы 850 миллионго жеткен. 2021-жылдын аягындагы статистикага караганда, айына платформаны 1,2 миллиард киши активдүү пайдаланып келген. Кытайда күнүнө 600 миллион киши ТикТокко кирип турат.

Популярдуу тиркеме былтыр 11 миллиард доллардай киреше тапкан. Мурунку жылы бул көрсөткүч 4,6 миллиард доллар болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты