Маданият министрлиги өлкө аймагында “Tik Tok” кызматын жайылтуу ишин токтотуу чечимин кабыл алды

  • 8 месяцев мурун

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты  министрлиги Кыргызстандын аймагында “Tik Tok” кызматын жайылтуу ишин токтотуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу министрлик Фейсбук баракчасында кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, министрликтин дарегине “Tik Tok” социалдык тармагынын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден-соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу өкмөттүк эмес уюмдардан тынчсызданган кайрылуулар көбөйгөн.

Ушуга байланыштуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан бул социалдык тармактын контентине мониторинг жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө “Tik Tok” платформасын колдонууда балдардын ден-соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты чектөөлөр жана ошондой эле курактык категорияны контролдоо функциялары киргизилбей жаткандыгы аныкталган.

Көптөгөн кайрылууларды эске алуу менен жана жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагында “Tik Tok” кызматын жайылтуу ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында андан ары ишке ашыруу үчүн өлкөнүн санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты