Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 17-февралда, казак тараптын демилгеси менен президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылар кыргыз-казак мамилелеринин актуалдуу маселелерди, анын ичинде соода, транспорт, өнөр жай кооперациясы, энергетика жана суу ресурстары тармактарында мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго Казакстанда жүргүзүлүп жаткан, мамлекеттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн өзөгүн түзгөн конституциялык реформа тууралуу маалымат берди. Садыр Жапаров өз кезегинде Казакстандагы масштабдуу өзгөрүүлөрдү, анын ичинде бир палаталуу парламентти түзүүнү колдой турганын билдирип, жалпы элдик референдумду ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.

Президенттер ошондой эле ички саясий реформалар, чөлкөмдүк жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышып, муну менен бирге көп тараптуу форматта өткөрүлө турган алдыдагы биргелешкен иш-чаралардын графигин карап чыгышты.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты