Тергөө абагында Имамидин Ташовдун ачкачылык кармап жатканы айтылды

  • 3 месяца мурун

Тергөө абагында жаткан KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов он бир күндөн бери ачкачылык кармоодо. Бул тууралуу анын апасы Сайыпжамал Абдукайымова басма сөз жыйынында билдирди.

“Он бир күн болду, ачкачылык жарыялаптыр. Биздин сөзүбздү эч ким укпай жатат. Эл шайлаган депутаттар, прокурорлор, соттор көрмөксөн болушууда. Уулумду үй камагына бошотуп, адилет чечим чыгарып бергиле деп соттордон суранар элем. Жок дегенде ооруканага чыгарып берсин” деди Ташовдун апасы.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн кыргыз жараны Имамидин Ташов кармалган.

«Ташов Кыргызстан жана Казакстандын Республикасынын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды» деп айтылат УКМК маалыматында.

2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде «О» ЖЧКсынын ээси Имамидин Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

“Ар кандай нерсе менен коркутуп көрүштү. Ноябрь айында да мага илешкис иштерди токуп, отуруп, камап да көрүштү, 52 миллион төктүрүштү, сол чөнтөккө 100 миллион бересиң  деп араң чыгарышты” деди Имамидин Ташов.  

6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту ишкер Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтүн 8-февралга чейин узарткан. Сот залында Ташов өзүнө кол салып, мойнун тилип жиберген. Андан кийин аны эс-учун жоготкон абалда тез жардам кызматы менен ооруканага алып кетишкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты