УКМК Сирияга согушка кеткен уулун күтүп жүргөн эненин айткандары боюнча жооп берди   

Манас шаарынын тургуну Разия Үмөтова менен болгон Би-Би-Си (BBC) телеканалынын маеги жарыяланып, анда ал Сириядагы куралдуу кагылышуу аймагына кеткен уулу Нурлан Үмөтовду күтүп жүргөндүгүн билдирген. Улуттук коопсуздук мамлекетии комитети (УКМК) эненин айткандары боюнча жооп берди.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, УКМК текшерүүсүнүн натыйжасында булар белгилүү болгон: Разия Үмөтованын уулу, Кыргыз Республикасынын жараны, 1992-жылы туулган Нурлан Үмөтов Манас шаарынын тургуну экени аныкталган. Ал мурда ички иштер органдары тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана жергиликтүү жаштар тобунун лидери болгон. Кийинчерээк Үмөтов Орусияга эмгек мигранты катары кетип, ал жерде 2014-2015-жылдары “Катиба-аль-Бухари” эл аралык террористтик уюмунун өкүлдөрүнүн азгыруу таасирине кабылган. Андан кийин Түркияга барып, ал жерден Сириянын Идлиб провинциясына которулуп, аталган уюмдун мүчөлөрүнө кошулган.

Колдо болгон маалыматтарга ылайык, Үмөтов террористтик топтордун курамында машыгуудан өтүп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы аскердик операцияларга катышып, ошол учурда каза болгонду кабарланды. Ал 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасындагы туугандары жана тааныштары менен байланышын үзгөн. Үмөтов чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалга катышкандыгы үчүн эл аралык издөөгө да алынгандыгын УКМК билдирди.

Ал эми Би-Би-Си кыргыз кызматына берген маегинде Манас шаарынын тургуну Разия Үмөтова Сирияга кеткен уулун бир күнү келип калат деп күтүп жүргөнүн билдирген. Уулу Сирияга адашып кетип калганын айткан.

Мындан улам УКМК жарандарды тыюу салынган эл аралык террористтик, экстремисттик жана радикалдык уюмдардын азгыруу аракеттерине алдырбоого чакырат.

Учурда радикалдык, террористтик уюмдар жарандарды өз катарына тартуу үчүн алыстан издөө ыкмаларын колдонууну улантууда, алар заманбап технологияларды жана социалдык тармактарды активдүү колдонушары айтылды. Алардын иши көбүнчө психологиялык таасирге, жалган билдирүүлөрдү колдонууга, адамдардын сезимдерин манипуляциялоого жана социалдык аялуулукка негизделген.   

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан     

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты