Temirov Live каналы Мбанк төлөм системасындагы эсебинин бөгөттөлгөнүн билдирди

  • 1 год мурун

Журналисттик иликтөөлөр аркылуу белгилүү болгон Temirov Live Ютуб каналы Мбанк төлөм системасындагы эсебинин бөгөттөлгөнүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

-Достор, бир күндөй мурда кечинде биз Мбанк төлөм системасында Temirov Live эсебинин ачылганын билдиргенбиз.  Ал эсеп аркылуу коррупцияга жана бийликтин өзүм билемдигине каршы күрөшүү үчүн бизге каржылык жардам көрсөтүүгө мүмкүн болмок. Андан бир саат өтпөй  жазгандарыбызды тезинен өчүргөнбүз, себеби банктагылар ошентип суранышкан. Бирок эмне себептен экенине, тилекке каршы Мбанк тарабынан так жооп ала алган эмеспиз.  Расмий келишимде баары жазылып коюлгандыгына карабастан, биз алардын  айтканындай жасаганбыз. Учурда биздин юристтер Мбанк төлөм системасындагы эсептин бөгөттөлүшү боюнча “Кыргызстан” коммерциялык банкы менен сүйлөшүү жүргүзүп жатышат,-деп жазылат билдирүүдө.    

Temirov Live – соттун чечиминин негизинде өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун Ютуб каналы болуп саналат. 23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин карап, аны өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты