Temirov Live директору Махабат Тажибек кызын ИИМге суракка алып кетишти

  • 4 месяца мурун

Temirov Live директору, иликтөөчү журналист Болот Темировдун өмүрлүк жолдошу Махабат Тажибек кызын Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына суракка алып кетишти.

Бул тууралуу “ПолитКлиниканын” кабарчылары жеринде билдирди.

Махабат Тажибек кызы аны депутат Надира Нарматованын арызы жана министр Улан Ниязбековдун буйругу менен суракка алып барып жатышканын айтууга үлгүрдү.  

Махабат Тажибек кызы адвокаттан баш тартып жатат деп билдиришкен, бирок анын адвокаты Улан Сейитбеков адвокатка киргизбей, уруксат бербей жатканын айтты.   

ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан Интернет тармагын мониторинг жүргүзүү учурунда “Айт Айт Десе”” жана Temirov Live аталышындагы социалдык тармактардагы баракчалардан жапырт башаламандыкка чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алган.  

-Аталган маалымат боюнча иштин жагдайларына толук иликтөө жүргүзүү үчүн аталган факты ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган.  12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык,   “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери  бар деп аныкталгандыгын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Аталган экспертизанын жыйынтыгы менен ИИМдин тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар)  үчүнчү бөлүгү менен  (Бийлик өкүддөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) кылмыш ишин козгоп, тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Учурда ИИМдин тиешелүү кызматтары бир канча даректер боюнча бир катар ыкчам тергөө, иликтөө иш-чараларын улантылууда,-деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.  

Бүгүн, 16-январда, «ПолитКлиника» медиасынын кабарчысы Тыныстан Асыпбек уулунун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, аны ИИМдин тергөө башкармалагына суракка алып кетишти. Тыныстан Асыпбек уулуна жапырт башаламандыкка чакырык боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду. Андан тышкары “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын, бул командада иштеген журналист Сапар Акунбековдун Бишкектеги үйлөрүндө, ушул эле долбоорлордо иштеген Азамат Ишенбековдун Токмоктогу үйүндө тинтүү жүрдү.

Милиция “Темиров LIVE” долбоорлорунун кызматкерлери Актилек Капаровду, Айке Бейшекееваны, Азамат Ишенбековду, Жоодар Бузумовду, Сайпидин Султаналиевди да суракка алып кеткен.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты