Temirov LIVE: Акылбек Жапаровдун Алматыга учуп барып келгени 1 млн. сом болгон (Видео)

Temirov LIVE каналы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жакында Алматыга учуп барып-келгени 1 млн сом турганын журналисттик жаңы иликтөөсүндө жарыялады.

Иликтөөдө айтылгандай, 2-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматы шаарына  иш сапары менен учуп барды. Өкмөттүн сайты адаттагылай эле учактын фото, видеолорун чыгарган жок. Башкача айтканда, эч бир кадрга учакты илештирген эмес.  Айтсак мамлекеттик телеканалдар дагы ушундай эле этияттыкты сактанышты. Алар дагы Акылбек Жапарв учуп барган учакты көрсөтүшкөн жок. Бирок “Ала Тоо 24”  каналына чыккан видеоматериалдын 18-секундасында автоунаанын айнегине учактын көлөкөсү түшүп калган. Же башкача айтканда  айнектин чагылышынан көрүнүп калды. Анда борттун номери ЕХ 88012 учак болуп чыкты. flightradar24 сайты ушул номер Бишкектен Алматыга учканын тастыктайт.  Жарандык авиациянын реестри көрсөткөндөй, X-88012 номерлүү менчик борту латвиялык Магонис Угис аттуу ишкердин Кыргызстанда катталган фирмасына таандык. Анын Бишкектен Алматыга барып-келүү акысы 12400 евро. Муну кыргыз валютасына которгондо 1 млн. 165 миң сом чыккан.

Кененирээк видеодо.

Министрлер кабинети иликтөөдө айтфлган маалымтка жооп бере элек.

Өткөн жылдын 23-ноябрында Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин карап, аны өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Чечим кабыл алынгандан кийин «Манас» аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана аны күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коштоп кетишкен. Боло Темиров Орусияга депортацияланган.

Темиров сот өкүмүн бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.
Өткөн жылдын 20-апрелинде Темировго жазык кодексинин 379-беренеси («Документ жасалмалоо») беренеси менен иш козголгон.

Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты