«Каракол» аэропорту Airbus A320 учагын кабыл алды
- 1 месяц мурун
- Видео, Жаңылыктар
Бүгүн, 10-августта, «Каракол” эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкеси кеңири оңдоодон кийин биринчи жолу Airbus A320 учагын кабыл алды. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коому (ААК) билдирди.
Реконструкциянын алкагында учуп-конуу тилкеси 2450 метрден 3 750 метрге чейин узартылып, заманбап жарык -белги берүү жабдуулары жана ILS инструменталдык кондуруу системасы орнотулду.
Буга чейин аэропорт негизинен Dash 8 Q400 сыяктуу аймактык аба кемелерин жана бизнес-жеттерди кабыл алып келсе, эми Airbus A320 жана Boeing 737 сыяктуу ири аба кемелерин кабыл алууга техникалык мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Учурда Орусия, КМШ өлкөлөрү, Жакынкы Чыгыш жана башка багыттар боюнча жаңы каттамдарды ачуу иштери жүрүп жатат.ропортунун учуп-конуу тилкеси кеңири оңдоодон кийин биринчи жолу Airbus A320 аба кемесин кабыл алды.
Сүрөт: «Кыргызстан аэропорттору»




