Темирлан Султанбеков сотко келе жатканда эс-учун жоготкону айтылды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 8-февралда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековду сотко жеткирерде ал эс учун жоготкон. Бул тууралуу Кадырбек Атамбаев өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирди.

Атамбаевдин айтымында, учурда Темирлан Султанбеков Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайында кармалып турат.

«Жактоочулардын айтымында, ал (ред. Султанбеков) сот жекшемби күнү дайындалып, бул тууралуу алдын ала эч кимге кабар берилбегенин белгилеген. Бирок, укуктардын ачык бузулушуна карабастан, аны күч менен автоунаага сүйрөп чыгышкан, натыйжада ал эсин жоготкон. Изолятордо Султанбековдун ден соолугунун абалына байланыштуу тергөөчүлөр тез жардам чакырганга аргасыз болушкан»,- деп жазды ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-февралда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Темирлан Султанбековдун, Ирина Карамушкинанын жана Роза Турксевердин баш коргоо чарасы каралмак.

Эске салсак, 2024-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган. Мындан улам Султанбеков тергөө абагында ачкачылык жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты