Темирлан Султанбеков: “Сот отурумдары коомчулуктан жана ЖМКдан жашырылып өтүп жатат”    

Абактагы “Социал-демократтар” саясий партиясынын лидери Темирлан Султанбеков сот отурумдарынын ачык болушун талап кылды. Бул тууралуу Темирлан Султанбеков Фейсбук баракчасында билдирди.

“Үчүнчү соттук отурум болуп көрбөгөндөй чечим чыгарып, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн жарыя кылууга өттү. Бул түздөн-түз алуу принцибин бузат, сот көрсөтмөлөрдү бирөөнүн айтуусунда эмес, далилдерди түз иликтеп көрүп, күбөлөрдүн өзүнүн айтуусунда угуп, алардын чын-төгүнүн баалап турушу керек болчу. Жактоочулар сотто көрсөтмө берген анча-мынча күбөлөрдүн айткандары айыптоочулардын билдиргенине каршы келгенин белгилеп жатышат. Процесс ошентип көзөмөлдөн чыгып кетээрин баамдап, прокуратура тергөө учурунда басым, психологиялык басым алдында алынган алдын ала көрсөтмөлөрдү жарыя кылуу менен чектелгиси келип жаткан болушу керек. Бул укуктук мамлекетте жол берилгис көрүнүш. Андан дагы сот үчүнчү отурумда айыпталуучуларды суракка ала баштады, ал эми башында ал сурак аяк жагында болору айтылган. Бул айыпталуучулар мурда көрсөтмө бербеген шартта, алар айыпты мойнуна албаган шартта жол берилгис көрүнүш. Мындай учурда сурак дайыма аяк жагында, күбөлөрдөн көрсөтмөлөрүн уккандан кийин болушу керек. Соттогу, буга окшогон процесстеги кемчиликтердин баары соттун объективдүү жана мыйзамдуу териштирилишинен күмөн жаратат. Адвокаттар соттун чечимине каршы чыгып, күбөлөрдү сотко алып келе аларын билдиришти, бирок сот адвокаттардын айткандарын көңүл сыртында калтырып, өздөрүнүн пикиринде кала беришти. Ошондой эле сот отурумунун жабык өтүшүнүн себеби айтылган жок. Иштин материалында ал тууралуу сөз жок. Демек, сот отуруму мыйзамсыз, коомчулуктан жана ЖМКдан жашырылып өтүп жатат дегенди билдирет. Бул иштин эмне себептен жашыруун болуп жатышынын себебин адвокаттар да билбейт. Анын себебин билүүгө да сот адвокаттарга тоскоолдук келтирүүдө. Ошондуктан жактоочу тарапка жашыруун болуп жаткан ишке даттанууга да, ходатайство берүүгө да мүмкүндүк берилбей жатат. Адилет сотко жетүүгө жол торолууда. Болуп жаткандардын баары кылмыш процессинин жана адам укугунун ченемдерин ачык эле бузуу болуп саналат. Биз адилет сотту эмес, айыптоочу тараптын кысымы менен адилеттүүлүктү жасалмалоого күбө болуудабыз” деп жазды Темирлан Султанбеков Фейсбук баракчасында.

2025-жылдын 22-апрелинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкинанын жана Роза Түрксевердин соту өттү.

2024-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Түрксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган. 2024-жылы 15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту аталган адамдарды 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Андан бери алардын абактагы мөөнөтү узартылып жатат.

Темирлан Султанбековго, Карамушкинага жана Роза Түрксеверге алдамчылык беренеси боюнча дагы бир кылмыш иши ачылды.

Буга  чейин “Социал-демократтардын” лидеринин жана эки мүчөсүнүн кылмыш иштерине “жашыруун” белгиси киргизилген. Бул жашыруун белги азыр да алынган жок.  

Сүрөттө: Темирлан Султанбеков. Социалдык тармактан           

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты