Темирлан Султанбеков иши карала турган сот отурумдарына өзүн катыштырууну талап кылды
- 1 месяц мурун
“Социал-демократтар” партиясынын абактагы лидери Темирлин Султанбеков өзүнүн иши карала турган сотторго өзүн катыштырууну талап кылып жазган каты Фейсбук баракчасына бүгүн, 8-январда жарыяланды.
-Урматтуу бийлик, КР сот системасынын жетекчилери! Тергөөдөгү эки ай аралыгында мен катышкан бир дагы тергөө иш-аракеттери болгон жок. Менин көптөгөн укуктарымдын бузулушуна, ошондой эле күч менен жасалган аракеттер, анын ичинде адам уурдоо, барымтада кармоо жана башка мага каршы кылмыштар боюнча мен жана жактоочуларым сотторго кайрылганбыз. Бүгүнкү күнгө чейин ал сотторго мени катыштырышкан жок, муну дагы менин Конституциялык укугумдун бузулушу деп эсептейм. Мени сотторго катыштырууну талап кылам. Менин ишимде өзүмдү катыштырбаган беш сот отуруму өттү. Мындай дүйнөдө жок. Кезектеги сот эртең, 9-январда саат 10:00дө Свердлов районунда өтмөкчү. Сотко мени катыштырууңарды жана ачык сот өтүшүн талап кылам” деди Темирлан Султанбеков.
Тергөө абагында жаткан Темирлан Султанбеков 56 күндөн бери ачкачылык кармоодо.
2024-жылы 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
2024-жылы 2-декабрда Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы боюнча аппеляциялык арызын карап, Свердлов райондук сотунун эки айга камаган чечимин күчүндө калтырды.
Сүрөттө: Темирлан Султанбеков. Социалдык тармактан