Тбилисиде “Чет элдик өкүл” мыйзамына каршы митинг уланууда. Парламентте депутаттар мушташышты
- 2 месяца мурун
- Видео
Тбилисиде «Чет элдик өкүл” мыйзамына каршы акциялар улантылууда.
Ал эми Грузия парламентинде дагы мушташышты. “Грузин кыялы” партиясынын өкүлү оппозиционерге кол көтөрдү. Ал эми сыртта болсо күч органдары абдан көбөйдү.
Демонстранттардын катары дагы өсүүдө, митингге студенттер да кошулуп жатат.
Булак: Nexta Live
Дээрлик бир айдан бери борбор шаар Тбилисиде он миңдеген кишилер катышкан митингдерди уюштуруууда.
Митингчилер менен полиция да бир нече жолу кагылышып, аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана башка химиялык зат чачып, суу бүркүүчү автомашиналарды колдонгон.
Талаштуу мыйзам долбоорун грузин парламенти 1-майда экинчи окууда карап, кабыл алган.
13-майга караган түнү миңдеген жарандык активисттер менен оппозициянын тарапташтары парламент имаратын курчап, мыйзам долбоорунун кабыл алынышына жол бербөөгө аракет кылышкан.
Полиция менен болгон кагылышууларда 20га жакын киши кармалганы кабарланды. Өлкөдөгү оппозициялык телеканалдар кармалгандарды полиция кызматкерлеринин тобу сабап жатканы тартылган кадрларды көрсөтүштү.