Грузин полициясы акция катышуучуларын парламент имаратынан алыстатты

  • 2 месяца мурун

Грузин полициясы дүйшөмбү күнү эртең менен түнү бою өлкө парламентинин кире бериштерин бөгөп турган акция катышуучуларын сүрүп, имараттан алыстатты.

Муну менен Ички иштер министрлиги (ИИМ) бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын депутаттарына парламент имаратына кирип, юридика маселелери боюнча комитеттин жыйынына катышууга мүмкүндүк түзүп берди. 

Көп өтпөй аталган комитет «Тышкы таасирдин ачыктыгы жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Документ акыркы үчүнчү окууда эртең, 14-майда, кабыл алынат деп күтүлүүдө.

13-майга караган түнү миңдеген жарандык активисттер менен оппозициянын тарапташтары парламент имаратын курчап, мыйзам долбоорунун кабыл алынышына жол бербөөгө аракет кылышкан.

Полиция менен болгон кагылышууларда 20га жакын киши кармалганы кабарланды. Өлкөдөгү оппозициялык телеканалдар кармалгандарды полиция кызматкерлеринин тобу сабап жатканы тартылган кадрларды көрсөтүштү.

Күн мурун ИИМдин башчысы Вахтанг Гомелаури акция катышуучуларына кайрылып, парламент имаратын курчоого аракет кылгандарга каршы буга чейинкидей административдик иш эмес, «Мамлекеттик мекемелердин ишине тоскоолдук кылуу аракети» беренеси менен кылмыш иши козголо турганын эскерткен. Мыйзамда бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн төрт жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Парламенттеги оппозициялык партиялардын мүчөлөрү бийлик менен башкаруучу партия жалпысынан «конституциялык талаадан чыкканын» жана «легитимдүүлүгүн жоготушканын» билдиришти.

1-майда грузин парламенти «Тышкы таасирдин ачыктыгы жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырган. Мыйзам кабыл алынса чет өлкөдөн каражат алгандар «чет элдик агент» катары каттоодон өтүшү керек болот. Оппозиция документти Орусияда репрессиялык максатта колдонулуп жаткан «Чет элдик агент жөнүндө» мыйзамдын аналогу деп атап келишет.

Парламентте көпчүлүктү түзгөн «Грузин кыялы» партиясы мыйзамды 14-майда акыркы окууда кабыл алууга ниеттенип жатат.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты